Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 18-февралы № 3
Атай айыл өкмөтүнүн элдик жыйынынын протоколун бекитип берүү жана дан эгиндерин жыйноочу комбайн алууга “ Жалал-Абад облусунун өнүктүрүү фондусу “ мекемесине долбоор даярдап сунуштоо жөнүндө
Атай айылдык Кенешинин IV чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн элдик жыйынынын 30.01.2020-жылдагы №1 протоколу бекитилсин.
2. Комбайндын долбоорунун өздүк салымына 1,0 ( бир миллион)сом акча каражатын бөлүп берүү жагы Атай-Биримдик муниципалдык ишканасынын директору Сталбек уулу Урматка милдеттендирилсин.
3. Эгин жыйноочу комбайн алуу үчүн “Жалал-Абад облусунун өнүктүрүү фондусу” мекемесине долбоор даярдап өткөрүү айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Бобукеевге тапшырылсын.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
5. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү план-бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |