Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 8-апрели № 1
Айыл аймагына короновирус илдетинин тарап кетүүсүнө бөгөт коюу жана керектелүүчү каражаттар менен камсыз кылууга акча каражатын кароо жөнүндө
Республикалык өзгөчө кырдаалды эске алуу менен Тогуз-Торо районундагы “Коронавирус” оорусунун алдын алуу боюнча өзгөчө кырдалга даярдык көрүү үчүн обцервация ,изолация уюштурууга ,массалык залалсыздандыруу иштерин жүргүзүүгө керектүү каражаттар менен камсыз кылууга акча каражатын кароо боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Бобукеевдин сунушун угуп, талкуулап Атай айылдык Кенешинин IV чакырылышынын кезектеги XXXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл өкмөтүнүн аппаратынын счетунун 3111 беренесинен 2215 беренесине 100,0(жүз миң) сом акча каражатын жылдырып берүү жагы каралсын.
2. Бул токтомду аткаруу жана керетелүүчү каражаттар менен камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы К.Эркуловко милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Атай айылдык Кеңешинин “ Пландоо бюджет” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |