Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 8-апрели № 2
Атай айыл өкмөтүнүн аймагында жазгы талаачылык жумаштарынын башталганына байланыштуу айдоо –себүүнүн норма- раценкаларын бекитүү жөнүндө
Атай айылдык кеңешинин мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо, план-бюджет жана финансы жана социалдык маданий маселелер боюнча туруктуу комиссияларынын сунушун пикирлерин угуп талкуулап Атай айыл кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги ХХХV сессиясынын
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл өкмөтүнүн аймагында жазгы талаачылык айдоо-себүү ,оруп- жыйноо иштери өз убагында жүргүзүлсүн жана техникалардын раценкалары төмөндөгү баада бекитилсин:
Айдап себүүгө 1(бир )гектарга 1000 (миң) сом акча, 25 литр май;
Себүүгө 1(бир) гектарга 500 ( беш жүз ) сом акча, 10 литр май ;
Малалоого 1(бир) гектарга 500(беш жүз) сом акча, 10 литр май;
Жер тегиздөөгө 1(бир)гектарга 500(беш жүз) сом акча , 10 литр май;
Борона дисковой 1(бир)гектарга 700(жети жүз) сом акча, 15 литр май;
Оруп-жыйноо ;
Косылка 1(бир) гектарга 1000(мин) сом акча , 10 литр май;
Жатка 1(бир) гектарга 1500(мин беш жүз) сом акча , 10 литр май;
Чөп таңгактоого 1 даана 13(он үч) сом, жип, майы ичинде ;
Дары чачкыч(Опрыскиватель) 1(бир) гектарга 500 (беш жүз ) сом акча ;
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы “Атай-Биримдик” муниципалдык ишканасынын директору Шамыркан уулу Нурбайга милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5.Т октомдун аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Бобукеевге тапшырылсын.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |