Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 8-апрели № 3
Атай айыл аймагындагы “Атай -Биримдик” муниципалдык ишканасынын 2020-жылдарга түзүлгөн бюджетин бекитүү жөнүндө
Айылдык кеңешинин мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо, план-бюджет жана финансы жана социалдык маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясы “Атай-Биримдик” муниципалдык ишканасынын 2020-жылдарга түзүлгөн бюджети боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Атай айыл кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги ХХХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Атай -Биримдик” муниципалдык ишканасынын 2020-жылдарга түзүлгөн бюджети бекитилсин.
2. Атай айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Атай -Биримдик” муниципалдык ишканасынын 2020-жылдарга түзүлгөн бюджетин планын ишке ашыруу муниципалдык ишкананын директору Шамыркан уулу Нурбайга милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Атай айыл Кеңешинин план-бюджет жана финансы жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |