Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 8-апрели № 4
Короновирус илдетинин Тогуз-Торо районуна тарап кетүүсүнө бөгөт коюу максатында Атай айыл аймагында алыскы жайытка сырттан келген малга чектөө киргизүү жөнүндө
Атай айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Бобукеевдин билдирүүсун угуп талкуулап Атай айыл кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги ХХХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда катталган “Коронавирус”илдетине байланыштуу жугуштуу вирустун районго кирүүсүнө бөгөт коюу жана калктын күнүмдүк жашоо тиричилигине керектүү болгон шарттарды түзүү максатында сырттан малдын кирүүсүнө 5(беш )жылга тыюу салынсын.
2. Алыскы жайыттарга айыл аймагына чектеш коңшу райондордон мал киргизбөө жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысы Б.Абдылдаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Бобукеевге тапшырылсын.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
5. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Атай айыл Кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |