Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 8-апрели № 5
Жазгы талаачылык жумуштарынын башталганына байланыштуу айыл өкмөтүнүн аймагындагы дыйкан - фермерлерди жакынкы, алыскы жайытка көчүрүү, малга бада уюштуруу жана баасын бекитүү максатында
Атай айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Бобукеевдин билдирүүсун угуп талкуулап Атай айыл кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги ХХХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө мыйзамына ылайык ”Жайытка көчүү мөөнөтү ички жайытка 15-апрелден ,сырткы жайытка 05- майга чейин , 30-сентябрдан кийин көчүп келүү жүргүзүлсүн.
2. Жайытка көчүүдө жайыт пайдалануучулар менен келишим түзүү жайыт билет берүү;
- жайыт жолдорун оңдоо жана жайытты пайдаланууну туура жолго коюу жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысы Б.Абдылдаевге милдеттендирилсин.
3. Белгиленген мөөнөттө жайлоого көчүп кетпесе жана белгиленген мөөнөттөн эрте көчүп келсе мыйзам чегинде “Бузуулар кодексине ” ылайык айып пул салынсын.
4. Жайытка көчүрүлгөнгө чейин малга бада уюштурулсун жана баасы бир айга бир баш бодо малга 300 сомдон, жандык малга 60 сомдон ;
-Жайыт пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмдөрү:
-Уй,жылкы- 70 сом,жандык малга -14 сом,жаш бодо -49 сомдон белгиленсин.
5. Эгин, чөп чабынды аянттарына түшкөн малдар корукчулар тарабынан камоого алынсын , протокол түзүлүп, райондук ички иштер башкармалыгына бузуулар боюнча комиссиясына жөнөтүлсүн.Камакка алынган мал ээсине эскертилсин ,өз маалында чыгарып кетпей өлүп калса корукчу жоопкерчилигине албай тургандыгы белгиленсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл башчылар Шайырбек уулу Умидге тапшырылсын.
7. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
8. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
9. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Атай айыл Кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |