Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 8-апрели № 6
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджеттик каражаттарын которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылды Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндөгү жарлыгын ишке ашыруу,жаш жеткинчектерге кам көрүү, тактыктуу тарбия алуусуна шарт түзүү максатында акча каражатын кароо жөнүндө Атай айыл өкмөтүнүн финансы –экономика бөлүмүнүн башчысы К.Эркуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Атай айылдык Кенешинин IV чакырылышынын кезектеги ХХХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жеткинчек мектепке чейинки билим берүү уюмуна кошумча тайпа ачылгандыгына байланыштуу уктоочу кроваттар менен камсыз кылууга Атай айыл өкмөтүнүн бюджетинин 3111 беренесинен 2215 беренесине 100,0(жүз миң) сом акча каражатын жылдырып берүү жагы каралсын.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды көзөмөлгө алуу Атай айылдык Кеңешинин “ Пландоо бюджет” боюнча туруктуу комиссиясына жана финансы экономика бөлумүнүн башчысы К.Эркуловко тапшырылсын.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |