Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 22-майы № 1
Атай айылдык кеңешинин 08.04.2020-жыл №4 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Тогуз-Торо райондук прокуратурасынын 30.04.2020-жыл №11/2-2-197-20 сандуу каршылык билдирүүсүн угуп талкуулап Атай айыл кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз ХХХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо райондук прокуратурасынын 30.04.2020-жыл №11/2-2-197-20 сандуу каршылык билдирүүсүнүн негизинде Атай айылдык кеңешинин 08.04.2020-жыл №4 сандуу токтому жокко чыгарылсын.
2. Атай айыл өкмөтүнүн аймагында жайыт аянттары аз болгондугуна байланыштуу жергиликтүү калктын күнүмдүк жашоо тиричилигине керектүү болгон шарттар түзүлсүн.
3. Сырттан келген малчылар менен бош жайыт аянттары белгиленген тарифтен 3эсе жогору келишим түзүү жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысы Б.Абдылдаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Бобукеевге тапшырылсын.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
6. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
7. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Атай айыл Кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |