Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 22-майы № 2
Атай –Биримдик муниципалдык ишканасына чөп чабуучу техника алуу жөнүндө
Атай айылдык кеңешинин мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо, план-бюджет жана финансы , агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияларынын сунушун угуп жана талкуулап, Атай айылдык Кенешинин IV чакырылышынын кезексиз ХХХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.” Атай –Биримдик “муниципалдык ишканасына чөп чабуучу техникасын алынсын.
2. Чөп чабуучу техникасын алууга 650,0( алты жүз элүү миң)сом акча каражатын бөлүп берүү ” Атай –Биримдик “ муниципалдык ишкананын директору Шамыркан уулу Нурбайга милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү “ Пландоо бюджет” жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |