Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 22-майы № 3
Акча каражатын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылды Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндөгү жарлыгын ишке ашыруу,жаш жеткинчектерге кам көрүү максатында айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Бобукеевдин билдирүүсун угуп талкуулап Атай айылдык Кенешинин IV чакырылышынын кезексиз ХХХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн аймагында жаш жеткинчектерге кам көрүү жана шарт түзүү максатында айыл өкмөтүнүн бюджетинин 3111 беренесинен 100,0(жүз миң) сом акча каражаты каралсын.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды көзөмөлгө алуу Атай айылдык Кеңешинин “ Пландоо бюджет” боюнча туруктуу комиссиясына жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы К.Эркуловко тапшырылсын.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |