Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 22-майы № 4
Атай айыл өкмөтүнүн аймагындагы курулуп жаткан социалдык объектилерди мектеп ,таза суу курулуштарынын сапатын көзөмөлгө алуу жөнүндө
Атай айылдык кеңешинин мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо, план-бюджет жана финансы , агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияларынын сунушун угуп жана талкуулап, Атай айылдык Кенешинин IV чакырылышынын кезексиз ХХХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагында Барктабас орто мектебинин жаңы имаратынын курулушунун,
Атай ,Карл Маркс айылдарынын калкын ичүүчү суу менен камсыз кылуу максатында "Таза Суу " долбоорлорунун бөлүнгөн акча каражаты толук каржылангандыгына байланыштуу сапаттуу бүткөрүп , өз убагында ишке берүү “Ак-Ниет Курулуш ” ЖЧКнун директору Абдылдаев Анардин Жалиловичтен суралсын.
2. Атай айыл аймагында Барктабас орто мектебинин жаңы имаратынын курулушунун,
Атай ,Карл Маркс айылдарынын “Таза Суу " долбоорлорунун курулуш иштеринин сапатын мыйзам чегинде текшерип берүү жагы тиешелүү органдарга тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Бобукеевге милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
5. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл Кеңешинин мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо, социалдык маданий маселелер , план-бюджет жана финансы , агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |