Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-июлу № 1
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтү боюнча ардактуу ,айылга эмгеги сиңген адамдарды райондун “Ардактуу атуулуна” көрсөтүү жөнүндө
Атай айыл өкмөтүнүн профсоюз уюмунун протоколунун негизинде сунуштарды угуп , талкуулап Атай айылдык Кенешинин IV чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Эркулов Каныбек Тогуз-Торо районунун “Ардактуу атуулуна ” көрсөтүлсүн.
2. Тогуз-Торо районунун “Ардактуу атуулуна ” Атай айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Эркулов Каныбекти көрсөтүү үчүн райондук мамлекеттик администрациясына сунуш берүү айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Бобукеевге милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышы мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо, социалдык маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |