Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-июлу № 2
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-ж 19-март №169 токтому (кайракы жана жайыт жерлерин башка категорияларына жана түрлөрүнө (трансформациялоо) которууга) жана КР Өкмөтүнүн 05.02.2019-ж №43 токтомдоруна ылайык жер аянттарын бөлүп берүү жөнүндө
Атай айыл кеңешинин мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо жана агрардык жер маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштартарын угуп , талкуулап Атай айылдык Кенешинин IV чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жыл 3-декабрдагы агрардык жер маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын АКТсы жана 2018-жылдын 4-декабрындагы элдик жыйындын №1 протоколу бекитилсин.
2. Атай айылынын Атай үстү участкасындагы 720 контурунан -4,0 га жер тилкеси спорттук “Көк бөрү”аянтына ,740 контурунан 8,2 га жер тилкеси “Сейил бак”(парк)отургузууга,741 контурунан 5,0 га жер тилкесин топурак алууга (карьер) ,жайыт жеринен 764 контурунан1,10 га жер тилкесинен топурак алууга (карьер) жана Атай ,Карл Маркс суу жээктеринен табигый рельефтен 2(эки) метрден ашпаган тереңдикте кум-шагыл аралашмасын алууга берилсин.
3. Берилген жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жана мыйзамдаштыруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Бобукеевге тапшыралсын.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
5. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышы мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо, социалдык маданий маселелер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |