Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-июлу № 3
Атай айыл аймагындагы Кызыл-Октябрь участогунун автоунаа жолун Кыргыз Республикассынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин балансасына өткөрүп берүү жөнүндө
Атай айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Бобукеевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Атай айыл Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги ХХХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Атай айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кызыл-Октябрь участогунун 11 км аралыктагы ички жолу Түндүк-Түштүк альтернативдүү Балыкчы-Жалал-Абад автоунаа жолуна жакын аралыкта жайгашкандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин балансасына өткөрүүгө кат даярдап жөнөтүү айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Бобукеевге тапшырылсын.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Атай айыл кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |