Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-декабры № 2
Атай айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата түзүлгөн социалдык – экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө
Атай айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата түзүлгөн социалдык –экономикалык өнүктүрүү программасын Атай айылдык кеңешинин мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо, план-бюджет жана финансы жана социалдык маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясын сунушун угуп талкуулап,
Атай айыл Кеңешинин IVчакырылышынын кезектеги ХХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл өкмөтүнүн 2019-жылга крарата түзүлгөн социалдык – экономикалык өнүктүрүү программасы бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл Кеңешинин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |