Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 6-майы № 1
Атай айылдык Кенешинин токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү "Мыйзамынын 26-беренесинин 1-белумунун 1-бөлүмчөсүнө ылайык Атай айыл аймагынын Атай айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" мыйзамынын 31-беренесин аткарууга алып
Атай айыл Кенешинин IV чакырылышынын кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагынын Атай айылдык Кенешинин токтомдору мамлекеттик тилде (кыргыз тилинде) кабыл алынсын.
2. Атай айылдык Кенешинин тарабынан кабыл алынган токтомдор жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3. Токтом расмий жарыялангандан кийин Жалал-Абад областык юстиция башкармалыгьтна ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн токтомдун көчүрмөлөрүн жөнөтүү Атай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Чекенбаевага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Атай айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары К.Манапбаевага тапшырылсын.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |