Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-апрели № 2
" Атай -Биримдик " муниципалдык ишканасынын уставын бекитуу жөнүндө
Атай айыл Кецешинин мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо, социалдык маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп, талкуулап Атай айыл Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл өкмөтүнүн ""Атай- Биримдик" муниципалдык ишканасынын уставы бекитилсин.
2. Атай айыл өкмөтүнүн "Атай -Биримдик" муниципалдык ишканасынын уставын Жалал -Абад облаеттык Юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүү айыл өкмөт башчысы Б.Бобукеевге милдеттендирилсин.
3. Атай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамааттын уставынын аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзүү Атай айыл Кеңешинин мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо, социалдык маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |