Загрузка документа…
М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 9-сентябры № 104
Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча түшкөн каражатты берүү жөнүндө.
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 18-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Токтогул Сатылганов музейинин көмөкчү чарбасынан терек саткандан келип түшкөн 14,7 миң сом акча каражаты атайын счетко төгулгөндүгунө байланыштуу атайын счетуна райондук каржы бөлүмүнөн кошумча план суралсын.
2. Жергиликтүү деңнгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу долбооруна Чолпон-Ата айыл өкмөтү пилоттук негизде кирип иш алып баруу максатында долбоордон атайын счетко 23,7 миң сом акча каражаты бөлунүп берилсин.
3. Өлкөнү санариптештирүү программанын негизинде айыл өкмөтүнө интернет байланышын туташтырууга тузулгөн келишимдин негизинде Кыргыз телекомго 72318 сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен кошумча 3111 беренесине бөлүнүп берилсин.
4. Бул токтом Cholponata.сom сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин төрагасы | С.Кылданов |