Загрузка документа…
М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-октябры № 105
Кыргыз Республикасында Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып жаткан “ Токой экосиситемаларын интеграциялоо аркылуу башкаруу долбоорунун алкагында” Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн муниципалдык токойлорун башкаруу планын жана инвестициялык долбоорлорду бекитүү жөнүдө.
Кыргыз Республикасында Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып жаткан “ Токой экосиситемаларын интеграциялоо аркылуу башкаруу долбоорунун алкагында” Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн муниципалдык токойлорун башкаруу планын жана инвестициялык долбоорлорду бекитүү боюнча М.Абдылдаев айылдык кеңеши карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн муниципалдык токойлорун башкаруу планы бекитилсин.
2. Чолпон-Ата айыл өкмөтү тарабынан жактырылган Мазар-Суу айылындагы “ Арым” жамаатына 20 га жер аянты бөлүнүп өрүк,жаңгак, бадам тигип өстүрүүсүнө Ак-Тектир айылындагы Келечек –Ак-Тектир” жамаатына 20 га жер аянты бөлүнүп жаңгак, алма ,кара жыгач, терек тигип өстурүүсүнө, “ Канат” жамаатына 36 га жер аянты бөлүнүп жаңгак,кайың, алма тигип өстүрүүсүнө ,Чолпон-Ата айылындагы “ Нур-Алмат” жамаатына 16 га жер аянты бөлүнүп, жаңгак, өрүк бадам тигип өстүрүүсүнө тиешелүү иш кагаздары даярдалып,Дүйнөлүк банк тарабынан колдоого алынып,каржыланып жаткан долбоорлору бекитилсин.
3. Бул токтом Cholponata.сom сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин төрагасы | С.Кылданов |