Загрузка документа…
М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 4-декабры № 107
Ак-Тектир айылында курулуп жаткан кичи фудболдук аянтчанын курулушунун аткарылышы жөнүндө.
Ак-Тектир айылында курулуп жаткан кичи фудболдук аянтчанын курулушунун 2-ирээт мөөнөтүнөн кечиктирилиши боюнча М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 20-сессиясы талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Ак-Тектир айылында курулуп жаткан кичи фудболдук аянтчанын курулушунун 2-ирээт мөөнөтүнөн кечиктирилиши боюнча тез арада мыйзам чегинде чара көрүү жагы айыл өкмөт башчысы А.Мамбетовго милдеттнедирилсин.
2. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырам.
3. Бул токтом www.cholpon-ata.com сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин төрагасы | С.Кылданов |