Загрузка документа…
М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 4-декабры № 110
Чолпон-Ата айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Кызыл Китебинде коргоо алныган жапайы “Кумай” (орус тилинде снежный гриф, латынча Gyps nimalayehsis) канаттуусун коргоого алуу жана сактоо максатында муниципалдык чакан зоологиялык аянтча уюштуруу жөнүндө
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 20-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Чолпон-Ата айыл аймагында Кыргызстандын Кызыл китебине кирген “ Куумай” жапайы канаттуусун коргоого алуу жана сактоо максатында Узун-Акмат суусунун түштүк тарабындагы аскалуу тоо бетинин ( зеркальный) аянтын табигий көрунүштөрүн коргоого алуу максатында муниципалдык чакан зоологиялык аянтча уюштурууну талкуулап:
2. Чолпон-Ата айыл аймагындагы Узун-Акмат суусунун жээгиндеги аскалуу тоолордо “Кумай” канаттуусу байырлаган жердикоргоого алуу максатында чакан зоологиялык “муниципалдык аянтчауюштурулсун.
3. Чолпон-Ата айыл айылындагы Узун-Акмат суусунун жээгиндеги аскалуу тоолордо “Кумай” канаттуусу байырлаган жерде муниципалдык аянтча түзүп, асканын табигый көрүнүштөрүн коргоого алуу боюнча “ муниципалдык аянтча “ түзүнүн мыйзамдаштыруу иш кагаздарын тактоо жана аны пайдалануу жолун иштеп чыгуу Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мамбетовго тапшырылсын.
4. Түзулгөн чакан зоологиялык “ муниципалдык аянтчага” илимий изилдөөлөрдү жургүзүү Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер Академиясынан суралсын.
5. Бул токтомду көзөмөлгө алууну өзүмө калтырам.
6. Бул токтом www.cholpon-ata.com сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин төрагасы | С.Кылданов |