Загрузка документа…
М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 4-декабры № 111
Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине кошумча түшкөн каражатты бөлүп берүү жөнүндө
Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине кошумча түшкөн каражатты бөлүп берүү боюнча М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 20-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине кошумча түшкөн каражаттын эсебинен Чолпон-Ата айыл аймагынын мекеме ишканаларына жана айыл өкмөтүнүн ар кандай көйгөйлүү маселелерин чечүүгө 754,7 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
( Мекемелердин жетечилеринин жана айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсү тиркелет)
2. Акча каражатынын туура жумшалышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтом www.cholpon-ata.com сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин төрагасы | С.Кылданов |