Загрузка документа…
М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 4-декабры № 114
Мазар-Суу айылынын Сөгөт аймагынын көчөсүнө Сөгөт айылынын атуулу эмгек ардагери чабан Коңурбаев Молдоярдын ысымын ыйгарууга макулдук берүү жөнүндө.
Чолпон-Ата айыл аймагына караштуу Мазар-Суу айылындагы Сөгөт аймагынын көчөсүнө Коңурбаев Молдоярдын ысымын ыйгарууга макулдук берүү жөнүндөгү Мазар-Суу айылынын тургундарынын 01.07.2019-жылдын жалпы элдик чогулушунун № 1 протоколунун токтомун талкуулап М.Абдылдаев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Мазар-Суу айылынын Сөгөт аймагынын көчөсүнө Сөгөт айылынын атуулу эмгек ардагери чабан Коңурбаев Молдоярдын ысымын ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы М.Абдылдаев айылдык Кеңешине тапшырылсын
3. Бул токтом Cholponata.сom сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин төрагасы | С.Кылданов |