Загрузка документа…
М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 3-февралы № 122
Чолпон-Ата айылындагы курулуп жаткан 35 орундуу бала бакчанын алдын ала эсепке алынбаган ар кандай чыгымдарын каржылоо жөнүндө.
Айыл өкмөтү тарабынан Чолпон-Ата айылындагы курулуп жаткан 35 орундуу бала бакчанын алдын ала эсепке алынбаган ар кандай чыгымдарын каржылоо үчүн айылдык Кеңештин сессиясы талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамына таянып М.Абдылдаев айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Чолпон-Ата айылында өкмөтүндө курулуп жаткан 35 орундуу бала бакчанын алдын ала эсепке алынбаган ар кандай чыгымдарын каржылоо үчүн жергиликтүү бюджеттен 600,0 миң сом акча каражаты берилсин.
2. Каралган акча каражатын туура каржылоо айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Күкаүевге жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет жана финансы комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом www.cholpon-ata.com сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин төрагасы | С.Кылданов |