Загрузка документа…
М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 6-марты № 124
Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн 2019-жылга кабыл алган бюджетинин аткарылышын кароо жөнүндө.
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин кезектеги 7-чакырылышынын 23-сессиясы талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетинин аткарылышынын маалыматы так жана туура болбогондугуна байланыштуу М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кийинки сессиясында кайрадан карап чыгуу жагы белгиленсин.
2. 2019-жылга кабыл алган бюджетинин аткарылышын сессияга так жана туура алып чыгып, маалымат берүү жагы ФЭБ башчы Н.Күкүевке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мамбетовко тапшырылсын.
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин төрагасы | С.Кылданов |