Загрузка документа…
М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 6-марты № 126
Жайыт комитетинин 2020-жылга чыгаша киреше бөлүктөрүнүн болжолун кароо жана бекитүү жөнүндө.
М.Абдылдаев айылдык Кенеши күн тартибиндеги маселени карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпон-Ата жайыт комитетинин бюджетинин киреше жана чыгымдар бөлүгүнүн долбоору төмөндөгүчө бекитилсин
Киреше бөлүгү
Жайыт төлөмдөрүнөн алынуучу киреше 696780 сом
Бардык киреше 696780сом
Чыгаша бөлүгү
Эмгек акы 276,0 сом
- Соц фонд 17,25 47,6 сом
Сапарчыгым 30,0сом
Канц.товар 8,0 сом
Транспорт чыгымы 10,0 сом
Банкалык кызмат көрсөтүү пайызы 0
- Ар кандай чыгым 10,0 сом
- Сатуудан салык 3% 0 сом
- Эмгек акыдан киреше салыгы 0
- Жайыт инфраструктурасын жакшыртууга 88580 сом
- Жайыт жер салыгы 256,6сом
- Айыл өкмөт бюджетине 3/1 которуу 0
Бардык чыгым 696780 сом
2. 2018-жылдагы бюдждеттен жайыт инфраструктурасын жакшыртууга 234 000 сом акча каржаттан калдык калганы белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, план, экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Бул токтом www.Cholpon-ata com сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин төрагасы | С.Кылданов |