Загрузка документа…
М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 6-марты № 129
Мал жандыктарды алдын ала эмдөө жана ветеринардык көзөмөлдөн өткөрүү боюнча тарифтик өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө.
Мал жандыктарды алдын ала эмдөө жана ветеринардык көзөмөлдөн өткөрүү боюнча тарифтик өлчөмдөрүн бекитүү боюнча вет адис Токтогазиев Көчкөндүн маалыматын угуп жана талкуулап,
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 23-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Чолпон-Ата айыл аймагындагы мал жандыктарды алдын ала эмдөө, ветеринардык көзөмөлдөн өткөрүү жана ийне сайуунун тарифин кара малга 30 сом. Жандык малга 10 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Малдарга зыян келтирүүчү жырткыч карышкырларды атып өлтүрүү үчүн ар бир атылган карышкырларга 4000 ( төрт миң) сом жана ар бир атылган Чөөлөргө 1000 ( миң) сом өлчөмүндө төлөп берүү жагы бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Вет адис К.Токтогазиевга милдеттендирилсин.
4. Бул токтом cholpon-ata.com сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин төрагасы | С.Кылданов |