Загрузка документа…
М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 6-марты № 131
Кара-Күнгөй айылындагы Көпүрө башы участкасындагы Конушбаев тургуналы атындагы башталгыч мектепти бала-бакчага айлантуу жөнүндө.
М.Абдылдаев айылдык кеңешинини 7-чакырылышынын кезектеги 23-сессиясы талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Кара-Күнгөй айылындагы жаңы бүткөн Конушбаев Тургуналы атындагы башталгыч мектептин имараты кайрадан бала бакча болуп уюштурулсун.
2. Бала бакчага айлантуу үчүн керектүү документтер менен иш алып барып бала бакчага туура келген мебелдер,санитардык жабдыктар, жана айланасын тосуу, балдар ойной турган аянтчаларды куруу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы М.Абдылдаев айылдык кеңешинин депутаттарына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом www.cholpon-ata.com сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин төрагасы | С.Кылданов |