Загрузка документа…
М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 6-марты № 139
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 7-чакырылышыны 23-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Чолпон-Ата айыл аймагына сырттан келген малдарды көзөмөлгө алып, убактылуу каттоого алуу үчүн жана азыркы учурда болуп жаткан ар кандай кырдаалдарга байланыштуу Чолпон-Ата айылынын кире беришине сырттан келген малдарды карап, каттоого алып киргизүү үчүн шлагбаум куруу жагы белгиленсин.
2. Сырттан келген малдарды убактылуу көзөмөлгө алып каттоо жагы жайыт комитетинин төрагасы Кадыров Майрамбекке тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мамбетовко милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Cholponata.сom сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин төрагасы | С.Кылданов |