Загрузка документа…
М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 31-марты № 140
2020-жылдын жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.
М.Абдылдаев айылыдык кеңешинин кезексиз 24-сессиясы карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. 2020-жылдын жергиликтүү бюджетине М.Абдылдаев айылдык кеңешинин бюджет комиссиясынын отурумунун негизинде төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Чолпон-Ата айыл аймагында азыркы кырдаалга байланыштуу айыл аймагына жугуштуу короновирустун кируусун алдын алуу жана андан ары жайылышына жол бербөө боюнча жергиликтүү бюджеттин эсебинен Короновирус оорусун болтурбоого каршы киргизилген өзгөчө кырдаалга байланыштуу ар кандай санитардык дезинфекциялык каражаттарды алууга раздел 710 “ Соцобеспеченье 2721 беренесинен 35000 ( отуз беш миң) сом,кыскартылып, раздел 701 аппарат 2215 беренесине 35 000 ( отуз беш миң ) сом акча каражаты кошулсун. Аппараттын 2215 беренесиндеги ( көрнөк жарнактарга каралган) 80 000 (сексен миң ) сом акча каражаты Короновирус илдетин алдын алуу боюнча керектүү зарыл болгон чыгымдарга жумшалсын.
3. Которулган жалпы 115 000 ( жүз он беш миң) сом акча каражатын мыйзам чегинде пайдалануу үчүн төмөндөгүдөй курамдагы депутаттардан
1. У.Алманов Чолпон-Ата айылынын айылдык депутаты
2. Ө.Жаманкулов Кара-Күнгөй айылынын айылдык депутаты
3. Б.Батыралиева Мазар-Суу айылынын айылдык депутаты
4. И.Мадышова Ак-Тектир айылынын айылдык депутаты жана айыл өкмөтүнүн тийиштүү аппарат кызматкерлеринен турган комиссия түзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мамбетовко милдеттендирилсин.
5. Бөлунгөн акча каражатын өз убагында тиешелүү беренелерге жылдырып, өз максатына туура пайдаланууну камсыз кылуу жагы ФЭБ башчы Н.Кукуевке милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет комиссиясынын төрагасы Т.Тургунбаевке жана мүчөлөрүнө тапшырылсын.
7. Бул токтом www.cholpon-ata.com сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин төрагасы | С.Кылданов |