Загрузка документа…
М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 30-июну № 145
КОВИД-19 пандемиясына байланыштуу муниципалитетке колдоо көрсөтүү аркылуу кызматтардын туруктуулугун күчөтүү, тургундардын жарандык жоопкерчилигин жогорулатуу багытында айылдар, көчөлөр ортосунда өткөрүлүүчү сынак жөнүндө
Учурдагы КОВИД -19 пандемиясына байланыштуу ХЕЛЬВЕТАС Свисс Интеркооперейшн Ассоциациясынын Кыргыз Республикасындагы филиалы тарабынан ишке ашырылып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында жашоочулардын жарандык жоопкерчилигин жогорулатуу максатында муниципалитеттерге убактылуу колдоо көрсөтүү үчүн “29”июнь 2020-жылы Чолпон-Ата айыл өкмөтү менен биргеликте гранттык макулдашуу түзүшкөн, анын негизинде Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушу “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралды.
Жыйынтыгында, туруктуу комиссиянын чечимин, депутаттардын сунуш, пикирлерин угуп жана талкуулап, М.Абдылдаев айылдык кенешинин 7- чакырылышынын кезексиз 27-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ХЕЛЬВЕТАС Свисс Интеркооперейшн Ассоциациясынын Кыргыз Республикасындагы филиалы жана Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн ортосунда “29”июнь 2020-жылы түзүлгөн гранттык макулдашуу жалпысынан колдоого алынгандыгы белгиленсин, 35,0 миң сом жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнө алынсын, максаттуу пайдаланылышы камсыздалсын,
2. 35,0 миң акча каражаты айылдардын, көчөлөрдун ортосунда өткөрүлүүчү сынакка жумшалсын;
3. Кызматтардын туруктуулугун күчөтүү, тургундардын жарандык жоопкерчилигин жогорулатуу багытында айылдардын, көчөлөрүнүн ортосунда сынак өткөрүүнүн Жобосу бекитилсин .
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Бул токтомду жогорудагы гранттык макулдашуунун талаптарына ылайык аткаруу Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы (Мамбетов А ) милдеттендирилсин.
6. Аткарылышын тиешелүү туруктуу комиссия ( Т.Тургунбаев) көзөмөлгө алсын.
7. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга ( Аманбекова Акгулгө) тапшырылсын.
8. Бул токтом М.Абдылдаев айылдык кеңешинин cholpon-ata.com веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин төрагасы | С.Кылданов |