Загрузка документа…
М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 30-июлу № 146
Муниципалдык ишкананы юридикалык жак катары Мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө
Жергиликтүү кеңештин мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-февралындагы Юридикалык жактарды, филиалдарды мамлекеттик каттоодон өткөрүү “жөнүндөгү” № 57 мыйзамынын 11-беренесине ылайлык муниципалдык ишкананы мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндөгу сунушун угуп талкуулап М.Абдыдаев айылдык кеңешинин 7- чакырылышынын кезексиз 27- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык ишкана юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
2. Муниципалдык ишкананын фирмалык аталышы мамлекеттик тилде “Канат жашыл чарба” ишканасы, ал эми расмий тилде муниципальное предприятие “Канат жашыл чарба” деп катталсын.
3. Мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө кеткен чыгымды жергиликтүү бюджеттен Каржылоо жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзам жана укук Маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
5. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад областы, Токтогул району, Ак-Тектир айылы Т. Тургунбаев көчөсү 13.
6. Бул токтом www.cholpon-ata.com сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин төрагасы | С.Кылданов |