Загрузка документа…
М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 30-июну № 149
«Мекемени каттоо жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү Кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү Кеңешинин депутаттарынын статусу жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндөгү” мыйзамдарынын негизинде, М.Абдылдаев айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Канат жашыл чарба муниципалдык ишкана” мекемеси мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн (мындан ары мекеме).
Мекеменин толук фирмалык аталышы:
Мамлекеттик тилде: “Канат жашыл чарба муниципалдык ишкана”.
Расмий тилде: Учреждение “Канат жашыл чарба муниципалдык ишкана”.
2. Мекеменин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Ак-Тектир айылы, Т.Тургунбаев көчөсү үй № 13.
3. “Канат жашыл чарба муниципалдык ишкана” мекемесинин Уставы бекитилсин. 4.Токтомду аткаруу жагы М.Абдылдаев айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Чолпон-Ата айыл аймагынын расмий Gholpon-ata.com cайтына жарыялансын.
6.Аталган токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Юридикалык жакты түзүү жөнүндө уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечиминде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгын жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты түзүү мекемелери тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылсын.
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин төрагасы | С.Кылданов |