Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 26-марты № 1
Коронавирус илдетин алдын алуу жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүндөгү өзгөчө кырдаал пайда болгон учурда колдонууга коюлган 800,0 сом акча каражатын короновирус илдетин алдын алуу боюнча жумуштарга жумшоо жөнүндө Каныш-Кыя айылдык Кеңеши
Токтом кылат :
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаал пайда болгон учурда колдонууга коюлган акча каражатын короновирус илдетин алдын алуу иш чараларына жумшоо жөнүндө кайрылуусу эске алынсын.
2. Азыркы күндө өлкө аймагында болуп жаткан кырдаалга байланыштуу жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүндөгү өзгөчө кырдаал пайда болгон учурда колдонууга коюлган 800,0 сом акча каражатын короновирус илдетин алдын алуу боюнча иш чараларга берилсин.
3. Аталган жумуштарды аткарууда мыйзам талаптарына ылайык иш жүргүзүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмотүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы | Ж.Бегалиев |