Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 26-марты № 2
Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К.Ж.Эшалиевдин кайрылуусун кароо
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХXV сессиясы Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 22-мартынан баштап өлкө аймагында “Коронавирус” илдетин алдын алуу боюнча өзгөчө кырдаал режими киргизилгендигин байланыштуу Чаткал районунун аймагында ыкчам чараларды көрүү максатында “Кичи Чаарат” ЖАКму тарабынан берилүүчү акча каражатын айыл аймактын атайын каражаттар эсебине түшүрүү менен “Коронавирус” илдетин алдын алуу боюнча районубуздун муктаждыгына жараша пайдалануу жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып
Токтом кылат :
1. Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К.Ж.Эшалиевдин кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 22-мартынан баштап өлкө аймагында “Коронавирус” илдетин алдын алуу боюнча өзгөчө кырдаал режими киргизилгендигине байланыштуу Чаткал районунун аймагында ыкчам чараларды көрүү максатында “Кичи Чаарат” ЖАКму тарабынан айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсебине берилүүчү 4 000,0 миң сом акча каражатына кошумча план алуу жагы суралсын.
3. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн атайын эсебине түшүүчү акча каражаты 27213100 жеңилдиктердин ордуна компенсациялар жана калкка жеңилдиктер беренесине жумшоого уруксат берилсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы | Ж.Бегалиев |