Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 26-марты № 3
Бюджеттин киреше бөлүгүн үнөмдөө жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн аймагында COVID-19 пандемиясын алдын алуу максатында 12.03.2020-жылы Кыргыз Республикасынын Премьер-министрлигиндеги кеңешменин протоколу жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин 19.03.2020-жылдагы 20-2-10/2105 чыгыш сандуу катынын негизинде бюджеттин киреше бөлүгүн үнөмдөө боюнча иш алып барууну карап Каныш-Кыя айылдык Кеңеши
Токтом кылат :
1. Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин 19.03.2020-жылдагы 20-2-10/2105 чыгыш сандуу каты аткарууга алынсын.
2. Азыркы учурда өлкөдө болуп жаткан кырдаалды эске алуу менен Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин үнөмдөө максатта учурда зарыл болбогон жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана товарларды сатып алуу убактылуу токтотулсун.
3. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө аталган жумуштар боюнча өз убагында иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы | Ж.Бегалиев |