Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 29-майы № 1
Акча каражатын пайдаланууга уруксат алуу жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХXVI сессиясы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу аймактарда ишмердүүлук жүргүзуп жаткан кен казуучу ишканалардан социалдык топтомдор үчүн келип түшкөн акча каражатына кошумча план алууга жана аны өз багытында жумшоого уруксат берүү боюнча Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып
Токтом кылат :
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн аймагында ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан “Вертекс Голд Компани” ишканасынан 2020-жылга социалдык топтомдор үчүн 1115000 сом акча каражаты келип түшкөндүгү белгиленсин.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн атайын эсебине түшкөн акча каражатына кошумча план суралсын жана түшкөн акча каражаты өз багытында пайдалануу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмотүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы бюджет боюнча жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы | Ж.Бегалиев |