Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 29-майы № 2
Жугуштуу илдеттин жайылышын алдын алуу жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХXVI сессиясы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу айылдарда коронавирус илдетинин жайылышын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча Жалал-Абад областтык ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын жугуштуу илдетти алдын алуу боюнча түзүлгөн ыкчам штабдарынын протоколдук тапшырмаларын аткаруу боюнча Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып
Токтом кылат :
1. Жалал-Абад областтык ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын жугуштуу илдетти алдын алуу боюнча түзүлгөн ыкчам штабдарынын протоколдук тапшырмалары эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин атайын эсеп счётуна түшкөн акча каражатынан төмөнкү багыттарда жумшоого уруксат берилсин:
-Коронавирус илдети менен күрөшүүдө областтан жардамга чакыртылган врачтарга жана райондук Жалпы дарыгерлик практикалык борборунун жана райондук Санитардык эпидемиология көзөмөлдөө борборунун дарыгерлерине сый акы үчүн 506000 (беш жүз алты миң )сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
- Аймакта уюштурулган обсервация шартында эмгектенген райондук санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлеринин тамак-ашы үчүн 30000(отуз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмотүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5 .Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы бюджет боюнча жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы | Ж.Бегалиев |