Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 29-майы № 3
Элдик жыйындардын токтомдорун бекитип берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХXVI сессиясы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу бардык айылдарда өткөрүлгөн элдик жыйындарда айдоо аянттарына түшкөн малдарга көзөмөл кылуу, тоютту коромжусуз жыйнап алуу максатында сунушталган айып пулдарды бекитип берүү боюнча Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып
Токтом кылат :
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүндөгү айылдарда өткөрүлгөн элдик жыйындардын токтомдорунда сунушталган мурап, кароолчулардын эмгек акылары, айдоо аянттарына түшкөн малга салынуучу айып пулдар төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
-Айдоо аянттарына түшкөн кара малга, жылкыга 500(беш жүз)сомдон, майда жандыктарга 50(элүү)сомдон эскертүүсүз айып пулдар төлөнсүн.
- 2020-жылдын май айынан октябрь айына чейин айдоо аянттарындагы түшүмдү,тоютту жыйнап алганга чейин бул айып пулдар сакталары мал ээлерине, чабандарга эскертилсин.
-Айдоо аянттарына өтө зыян келтирген учурда келтирилген чыгымды төлөп берүү жагы каралсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмотүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы бюджет боюнча жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы | Ж.Бегалиев |