Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 29-майы № 4
“Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасынын кайрылуусу жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХXVI сессиясы “Каныш-Кыя Тазалык”муниципалдык ишканасынын автоунаасын ремонттоо жөнүндөгү кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып
Токтом кылат :
1. “Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасынын кайрылуусу эске алынсын.
2. ”Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасына тиешелүү Портьер автоунаасын ремонтоо үчүн 62000 (алтымыш эки миң) сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен үнөмдөлгөн акча каражаттарынын эсебинен субсидия катары бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмотүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы бюджет боюнча жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы |
Ж.Бегалиев |