Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 29-майы № 5
Турмуш шарты оор үй-бүлөгө жардам берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХXVI сессиясы Айгыр-Жал айылынын тургуну Алымкулов Абдыманаптын аялы бөйрөк оорусу менен жабыркап, химиялык терапияга муктаж болуп жаткандыктан материалдык жардам берүү боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып
Токтом кылат :
1. Айгыр-Жал айылынын тургуну Алымкулов Абдыманаптын арызы эске алынсын.
2. Алымкулов Абдыманаптын аялы Каримова Жамиланын бөйрөк оорусу менен жабыркап азыркы учурда абалы оордугуна байланыштуу дарыланууга муктаж экендигин эске алуу менен Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин ар кандай чыгымдар эсебинен 70000(жетимиш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмотүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы бюджет боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы |
Ж.Бегалиев |