Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 29-майы № 7
Турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө жардам берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХXVI сессиясы Айгыр-Жал айылынын тургуну А.Арыкбаевдин жашап жаткан үйү жараксыз абалга келип калгандыгына байланыштуу жана Каныш-Кыя айылынын тургуну Ж.Алымкуловдун өзүнүн үйү жок болгондуктан, там салуу үчүн материалдык колдоо көрсөтүү боюнча жазган кайрылууларын карап жана талкуулап чыгып
Токтом кылат:
1. Айгыр-Жал айылынын тургуну А.Арыкбаевдин жана Каныш-Кыя айылынын тургуну Ж.Алымкуловдун кайрылуулары эске алынсын.
2. Айгыр-Жал айылынын тургуну А.Арыкбаевге там салууга 70000(жетимиш миң) сом жана Каныш-Кыя айылынын тургуну Ж.Алымкуловго там салуу үчүн Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин ар кандай чыгымдар эсебинен 70000( жетимиш миң) сом акча каражаттары бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмотүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы бюджет боюнча жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы |
Ж.Бегалиев |