Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 29-майы № 8
Турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө жардам берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХXVI сессиясы Каныш-Кыя айылынын тургуну Ө.Токтогуловдун Башкы-Терек айылынын тургуну Токтосунов Абдиназаралынын Түркия мамлекетинде жүргөн учурда каза болуп калгандыгына байланыштуу маркумду өз жерине алып келүүгө материалдык колдоо көрсөтүү боюнча жазган кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып
Токтом кылат :
1. Каныш-Кыя айылынын тургуну Ө.Токтогуловдун кайрылуусу эске алынсын.
2. Башкы-Терек айылынын тургуну А.Токтосуновдун сөөгүн өз жерине алып келүүгө Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин ар кандай чыгымдар эсебинен 70000 (жетимиш миң)сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмотүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы бюджет боюнча жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы |
Ж.Бегалиев |