Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 29-майы № 9
Жамааттардын таза суу чыгаруу жөнүндөгү кайрылуусу жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХXVI сессиясы Айгыр-Жал айылынын айрым көчөлөрүнө таза сууга чыгарууга керектелүүчү материалдарын алып берүү боюнча кайрылууларын карап жана талкуулап чыгып
Токтом кылат :
1. Айгыр-Жал айылынын тургундарынын таза суу чыгарып берүү боюнча кайрылуулары эске алынсын.
2. Айгыр-Жал айылынын Темиркул Кошбаев көчөсүнүн жана А.Субаналиев, О.Мырзагулов, Б.Субанов көчөлөрүнө таза суу тартырып келүүгө керектелүүчү каражаттарын алууга жумшалуучу акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2 .Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмотүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы бюджет боюнча жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы |
Ж.Бегалиев |