Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 29-майы № 10
Ден соолугуна байланыштуу жардам берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХXVI сессиясы Башкы-Терек айылынын тургуну Жайлообаева Ажардын бөйрөк оорусунан жабыркап, гемодиализ аппаратына муктаж болуп жаткандыгына байланыштуу материалдык жардам берүү боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып
Токтом кылат :
1. Башкы-Терек айылынын тургуну А.Жайлообаеванын кайрылуусу эске алынсын.
2. А.Жайлообаеванын ооруп жаткандыгына байланыштуу дарыланууга муктаж экендигин эске алуу менен Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин ар кандай чыгымдар эсебинен 70000( жетимиш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмотүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы бюджет боюнча жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы |
Ж.Бегалиев |