Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 29-майы № 11
Кошумча штаттык бирдикти бекитүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХXVI сессиясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы №64 “Айылдык кеңештерде акы төлөө негизинде кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтому 2020-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кире тургандыктан, Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы штаттык бирдигине айылдык кеңештин “жооптуу катчысы” кызмат орунун кошуп бекитип берүү боюнча карап жана талкуулап чыгып
Токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы №64 “Айылдык кеңештерде акы төлөө негизинде кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтому аткарууга алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы штаттык бирдигине айылдык кеңештин “жооптуу катчысы” кызмат орунунун долбоору бекитилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмотүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы бюджет боюнча жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы |
Ж.Бегалиев |