Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 20-июлу № 1
Райондун социалдык пакетинин эсебинен түшкөн акча каражатын жумшоо жөнүндө
Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын 2020-жылдын 27-апрелиндеги № 01-31/635 чыгыш сандуу катынын негизинде райондук соц.пакеттин эсебинен “Вертекс Голд Компании” ЖЧКсы жана “Кичи Чаарат” ЖЧКсы тарабынан айыл өкмөттүн атайын каражат эсеп счетуна түшкөн 124500 сом акча каражатын төмөндөгү багыттар боюнча жумшоо максатта Каныш-Кыя айылдык Кеңеши
Токтом кылат :
1. Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын 2020-жылдын 27-апрелиндеги № 01-31/635 чыгыш сандуу катын канааттандыруу максатта келип түшкөн 124 500 (Бир жүз жыйырма төрт миң) сом акча каражаты төмөнкүдөй бөлүнүп берилсин:
Каныш-Кыя айылынын тургуну Макенова Мираида Мукановнаны Кытай Эл Республикасынын Шанхай шаарынан Кыргызстанга алып келүүгө 40 000 (кырк миң) сом.
Каныш-Кыя айылынын тургуну Кожобеков Ойгонбайга ооруканага барууга 9500 (тогуз миң беш жүз) сом.
2. Чет мамлекеттерде спорт менен алектенип спартакиадаларда алдынкы орундарды ээлеген Чаткалдык спортсмендерди жетишкен ийгиликтери үчүн моралдык жана материалдык жактан колдоо максатта көрсөтүлгөн 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты боюнча тактап которуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилет.
3. Чаткал райондук билим берүү бөлүмүнө керектүү компьютердик каражаттарды (оргтехника) сатып алууга суралган 25 000 (жыйрма баш миң) сом акча каражаты кен иштеткен компаниянын өздүк эсебине кайтарылып аталган мекеменин банктык эсебине түз которулуп берилсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын финансы бюджет боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы |
Ж.Бегалиев |