Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 20-июлу № 2
Кара-Булак участкасындагы социалдык обьектилердин астына асфальт төшөө жөнүндө
“ 2020-жыл аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына" карата айыл аймактагы ички жолдорду асфальттоодо Т.Кошбаев көчөсүндө аткарылып жаткан иштерге кошумча Нур билим балдар бакчасынын жана Ж.Ташкеев атындагы негизги билим берүүчү мектебинин алдына асфальт төшөө боюнча жергиликтүү тургундардын кайрылуусунун негизинде 401,0 м2 жер аянтына асфальт төшөө үчүн тиешелүү акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө Каныш-Кыя айылдык Кеңеши
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын Айгыр-Жал айылынын жергиликтүү тургундарынын кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Айгыр-Жал айылынын Т.Кошбаев көчөсүндө жайгашкан Нур билим балдар бакчасынын жана Ж.Ташкеев атындагы негизги билим берүүчү мектебинин алдындагы 401м2 жер аянтына асфальт төшөө боюнча сметада көрсөтүлгөн 320 590 (үч жүз жыйырма миң беш жүз токсон) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен төлөнүп брилсин.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн жумуштар толугу менен аткаруусун камсыз кылуу жагын көзөмөлдөө боюнча иштер Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын финансы бюджет боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы |
Ж.Бегалиев |