Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 20-июлу № 3
Чаткал жалпы дарыгерлик практикалык борборуна жугуштуу ооруулар бөлүмүн куруу боюнча жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 14.07.2020-жылдагы чыгыш № 01-18/608 сандуу катында Чаткал жалпы дарыгерлик практикалык борборуна жугуштуу ооруулар бөлүмүн куруу боюнча жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө Каныш-Кыя айылдык Кеңеши
Токтом кылат :
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 14.07.2020-жылдагы чыгыш № 01-18/608 сандуу катын канааттандырылсын.
2. Каныш-Кыя айылынын Жер-Капчыгай участкасындагы аэропортко баруучу жолдун күн батыш тарабынан Чаткал жалпы дарыгерлик практикалык борборуна жугуштуу ооруулар бөлүмүн куруу үчүн жер тилкеси бөлүп берүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы |
Ж.Бегалиев |