Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 20-июлу № 4
Жардам сурап кайрылган атуулдарга материалдык жардам берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагындагы турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө жана ден соолугуна байланыштуу жардам сурап кайрылган атуулдарга материалдык жардам берүү жөнүндө Каныш-Кыя айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө, Каныш-Кыя айылдык Кеңешине Каныш-Кыя айыл аймагындагы турмуш шарты оор үй-бүлөлөр жана ден соолугуна байланыштуу жардам сурап кайрылган атуулдар тарабынан келип түшкөн кайрылууларды канааттандыруу максатта
Коргон-Сай айылынын тургуну Сулайманов Уланбек Тургуналиевичке үй-там салууга 30 000 (отуз миң) сом.
Башкы-Терек айылынын тургуну Мамытова Акбермет Бишкек шаарынан батир алууга алгачкы төлөмүн төлөөгө 100 000 (жүз миң) сом.
Айгыр-Жал айынын тургуну Бейшенбаев Искендердин уулунун кулагына аппарат алууга 35 000 (отуз беш миң) сом.
Айгыр-Жал айылынын тургуну Назалова Нургүлгө кызын Кытай Эл Республикасынын Шанхай шаарынан Кыргызстанга алып келүүгө 50 000 (элүү миң) сом.
Каныш-Кыя айылынын тургуну Кочкоралы кызы Айзадага там салууга 30 000 (отуз миң) сом берилсин.
Коргон-Сай айылынын тургуну Сакеева Анарканга дарыланууга 50 000 (элүү миң) сом Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин ар кандай чыгымдар эсебинен жогорудагы атуулдарга жалпы 295 000 (эки жүз токсон беш миң) сом өлчөмүндө материалдык жардам берилсин.
3. Айгыр-Жал айылынын тургуну Калыбаев Шаршенбайдын ден соолугуна байланыштуу жазган арызы боюнча 50 000 (эүү миң) сом акча каражаты соц.пакеттен төлөнүп берилсин.
4. Каныш-Кыя айылынын тургуну Бактыбек кызы Акберметтин жана башка кайрылуулар социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине кароого калтырылсын.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө ”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын финансы бюджет жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы |
Ж.Бегалиев |